Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МЫКТЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛГОНГО УМТУЛАЛЫ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Журналга өз алдынча сунуштоо даярдоо

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Журналга өз алдынча сунуштоо даярдоо

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Окуу куралыбыздагы үлгү иретиндеги сунуштоолордо жакшы жардам болорлук ойлор камтылса да, алар жөн гана үлгү катары берилген. Андыктан сунуштоону өз сөзүңөр менен айтсаңар болот. Балким, башкача сунуштайттырсыңар же силердин жергеңерге башка тема ылайыктуураак болоттур. Эгер ошондой болсо, журналды окуп, сунуштоолорду карап көрүп, кыскача тасмаларды көргөн соң төмөнкү кеңештерди колдонуп өз алдыңарча сунуштоо даярдасаңар болот.

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

Үлгү иретиндеги сунуштоолордун бирин колдонгуңар келеби?

ООБА

  • Сөздү кантип баштаарыңарды даярдагыла. Учурашкандан кийин эмне үчүн келгениңерди кыскача айткыла. (Мисал: «Биз сиз менен... тууралуу сүйлөшөлү дегенбиз».)

  • Суроодон кийин аятка, андан кийин сунуштоого кантип өтөрүңөрдү ойлонгула. (Аятка өтүш үчүн: «Бул суроонун жообу бул жерде жазылган»,— десеңер болот.)

ЖОК

  • Журналдан өзүңөргө жаккан жана аймагыңардагыларга кызыктуу боло турган теманы тандагыла

  • Үй ээсине ой жүгүртүүгө жана маектешүүгө түрткү берген, бирок оңтойсуз абалда калтырбаган суроо даярдагыла. (Мисал: Журналдын 2-бетиндеги суроолор)

  • Аят тандагыла. («Ойгонгула!» журналын тандасаңар, аят окуу зарыл деле эмес. Анткени ал Ыйык Китеп менен анча тааныш эмес, атүгүл динге ишенбеген адамдарга арналган.)

  • Бул макаланы окуу канчалык пайдалуу болорун үй ээсине түшүндүрүп бере турган бир-эки сүйлөм даярдап алгыла

КАНДАЙ БОЛБОСУН

  • Эмки келгенде талкуулай турган суроо даярдагыла

  • Кийинкиде айта турган сөзүңөрдү эстеп калыш үчүн кыскача жазып алгыла