Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Конокторду жылуу тосуп алгыла

Конокторду жылуу тосуп алгыла

23-мартта Эскерүү кечесине 12 миллиондой же андан да көп конок келет деп күтүлүүдө. Баяндамачынын Жахабанын белеги болгон кун тууралуу жана адамзаттын келечекте ала турган айрым баталары жөнүндөгү сөзү угуучуларга кандай гана зор күбөлөндүрүү болот! (Ыш 11:6—9; 35:5, 6; 65:21—23; Жн 3:16). Бирок конокторго жакшы күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгү баяндамачыда эле эмес, ар бирибизде болот. Биз муну аларды жылуу тосуп алуу менен кыла алабыз (Рм 15:7). Мунун айрым жолдорун карап көрөлү.

  • Программанын башталышын ордубузда күтүп отура бербей, конокторго жана жигердүү эмес болуп калгандарга көңүл буруп, аларды жылуу тосуп алышыбыз керек

  • Өзүңөр чакырган тааныштарыңарга көңүл бургандан тышкары, өнөктүктүк учурунда башкалар чакыргандарга да көңүл бурганга аракет кылгыла. Аларга чогуу отурууну сунуш кылып, Ыйык Китепти жана ыр китебиңерди ачып берип отургула

  • Баяндама бүткөндөн кийин суроолоруна жооп берүүгө даяр болгула. Силерден кийин да Эскерүү кечесин өткөрө турган жыйналыш бар болгондуктан залды эртерээк бошотуу керек болсо, ага бир нече күндөн кийин жолугууну сунуштасаңар болот. Эгер силерде анын дареги жок болсо: «Сиздин ушул кече тууралуу кандай ойдо калганыңыз мага абдан кызыктуу болуп жатат. Сиз менен кантип байланышсам болот?» — деп сурасаңар болот