Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | АЮП 6—10

Кудайга ишенимдүү Аюп пайгамбар арыз-муңун айткан

Кудайга ишенимдүү Аюп пайгамбар арыз-муңун айткан

Аюп пайгамбар бар байлыгынан, бала-чакасынан айрылып, жан чыдагыс ооруга чалдыкса да, Кудайга ишенимдүү бойдон калган. Ошондуктан Шайтан аны кынтыксыздыгынан тайдырыш үчүн ындынын өчүрүп, биротоло мүңкүрөтүп салууну көздөгөн. Аюп пайгамбарга үч «досу» келет. Адегенде алар ага боор ооруп жаткандай түр көрсөтүшөт. Анан бир да жубатарлык сөз айтпай жанында жети күн бою үн катпай отурушат. Андан соң жүрөктү жаралаган сөздөрдү айтып, анын өзүн күнөөлөп киришет.

Аюп пайгамбар катуу сыноого карабай Жахабага болгон берилгендигин сактап калган

6:3; 7:16; 9:20—22; 10:1, 12

  • Катуу азап тартканда Аюп пайгамбар туура ой жүгүртө албай калган. Ал Кудай үчүн адамдын ага ишенимдүү бойдон калган-калбаганы баары бир деп жаңылыш ойлогон

  • Кыйынчылыгы жанга батып тургандыктан, Аюп пайгамбар анын азап тартканынын башка себептери да болушу мүмкүн экенин эске албай калган

  • Кайгыга малынып турса да ал аны айыптагандарга Жахабаны сүйөрүн айткан