Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кундун аркасында гана боло турган керемет

Кундун аркасында гана боло турган керемет

Эскерүү кечесинде келечекте кундун аркасында ээ боло турган, мисалы, өлгөндөрдүн тирилиши сыяктуу баталар тууралуу ой жүгүртүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Жахаба адамдардын өлүшүн эч качан каалаган эмес. Ошол себептен адам үчүн жакынынан айрылганда тарткан күйүтү эң оор жана күчтүү сезимдердин бири болуп эсептелет (1Кр 15:26). Иса Машаяк шакирттеринин Лазарды жоктоп ыйлаганын көрүп, абдан кайгырган (Жн 11:33—35). Ал Атасынын касиет-сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан, жакыныбыздан айрылып, күйүт тартканыбызда Жахабанын да бизди көрүп, абдан кайгырарына шектенбесек болот (Жн 14:7). Жахаба көзү өтүп кеткен кызматчыларын тирилте турган убакытты чыдамсыздык менен күтүүдө, биз да күтүшүбүз керек (Ап 14:14, 15).

Жахаба тартипти сүйгөндүктөн, өлгөндөр белгилүү бир тартипте тирилет деп күткөнүбүз жөндүү (1Кр 14:33, 40). Азыр сөөк коюу каадасын өткөрүп жатсак, келечекте тирилгендерди тосуп алуу каадасын өткөрүп калабыз. Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө, өзгөчө, кайгыга батып турган кезиңерде ой жүгүртөсүңөрбү? (2Кр 4:17, 18). Биз үчүн кун төлөнүшүнө кам көргөнү үчүн жана Ыйык Китепке өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө жаздырып койгону үчүн Жахабага ыраазычылык билдиресиңерби? (Кл 3:15).

  • Досторуңардын, туугандарыңардын ичинен, айрыкча, кимисин кайрадан көрүүнү самап жатасыңар?

  • Ыйык Китепте жазылган адамдардын, өзгөчө, кимисине жолугуп, сүйлөшкүңөр келет эле?