Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ»

Суроо: Көптөргө белгилүү болгон бул сөздөр сизге таанышпы?

Аят: Жн 3:16

Сунуштоо: «Күзөт мунарасы» журналынын бул санында Иса Машаяктын азап тартып өлгөнүнүн сизге кандай тиешеси бар экени түшүндүрүлөт.

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ» (акыркы бети)

Суроо: Бул суроого жана буга көптөр кантип жооп берерине көңүл бурсаңыз. [Биринчи суроону жана анын жоопторун окуп бер.] Сиз кантип жооп берет элеңиз?

Аят: Мт 4:1—4

Сунуштоо: Шайтан Ибилис Иса Машаяк менен сүйлөшүп, аны азгыргандыктан аны жөн гана жамандыктын символу деп айтууга болбойт. Бул макалада Ыйык Китепте Шайтан жөнүндө дагы эмнелер айтылары жазылган.

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЧАКЫРУУ БАРАКЧАСЫ

Сунуштоо: «Биз баарын абдан маанилүү бир кечеге чакырып жүргөнбүз. [Үй ээсине чакыруу баракчасын бер.] 23-мартта дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө миллиондогон адамдар Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү үчүн чогулушат жана анын өлүмүнүн аркасында кандай мүмкүнчүлүккө ээ боло аларыбыз тууралуу Ыйык Китепке негизделген баяндама угушат. Бул чакыруу баракчасында биздин жергебизде ал кече качан жана каякта өткөрүлөрү жазылган. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, келип кетиңиз».

ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда