Эскерүү кечесине чакырып жүргөн Албаниядагы жарчылар

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ Март, 2017

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«Күзөт мунарасы» журналына жана «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген суроого байланыштуу үлгү иретиндеги сунуштоолор. Булардын негизинде өз сунуштооңду даярда.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

«Сени куткарыш үчүн мен сени мененмин»

Жахаба Жеремияны пайгамбар кылып дайындаганда, ал ошол дайындоону аркалоого өзүн жөндөмсүз сезген. Жахаба аны эмнеге ынандырган?

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Алар Кудайдын эркин аткарбай калышкан

Ысрайылдыктар курмандык чалуу каадасын аткарып койсок эле болду деп ойлошкон. Жеремия алардын күнөөлөрүн, эки жүздүүлүгүн тайманбай ашкерелеген.

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» китепчесин колдонуу

Ыйык Китепти изилдеген адамга Жахабанын Күбөлөрүнүн кандай адамдар экени жана уюмубуз, аткарган ишибиз жөнүндө маалымат бериш үчүн ушул китепчени колдонгула.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Адамдар Жахабанын жетеги менен гана ийгиликке жете алышат

Байыркы учурда Жахабанын жетеги менен жүргөн ысрайылдыктар бейкуттукта, жыргалчылыкта бактылуу жашашкан.

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Кудайды уккула!» китепчесин колдонуу

Жакшы окуй албагандарга Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүш үчүн сүрөттөрдү, аяттарды колдонгула.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Ысрайыл эли Жахабаны унутуп калган

Кудай эмне үчүн Жеремия пайгамбарга 500 чакырымдай алыстыктагы Эфрат дарыясына барып, курду катып келишин буйрук кылган?

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Үй-бүлөңөргө Жахабаны эстен чыгарбаганга жардам бергиле

Үй-бүлөлүк изилдөөнү дайыма жана маңыздуу өткөрүү үй-бүлөңөргө Жахабаны эстен чыгарбаганга жардам берет. Аны өткөрүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды кантип жеңсе болот?