Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» китепчесин колдонуу

«Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» китепчесин колдонуу

«Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» китепчеси Ыйык Китепти изилдеген киши менен изилдөөнүн башында же аягында талкуулоо максатында чыгарылган *. Китепченин 1—4-бөлүмдөрүндө биздин кандай адамдар экенибиз, 5—14-бөлүмдөрүндө жүргүзгөн ишибиз, 15—28-бөлүмдөрүндө уюмубуз жөнүндө айтылат. Негизи, китепчедеги бөлүмдөрдү ирети менен карап чыгуу абзел. Бирок изилдеп жаткан киши кайсы бир бөлүмдөгү маалыматка кызыкса, ошол бөлүмдү талкууласа болот. Ар бир бөлүм бир эле беттен тургандыктан аны 5—10 мүнөттө талкуулай алабыз.

  • Бөлүмдүн суроо түрүндөгү темасына көңүл бургула

  • Бөлүмдү баштан аяк же бөлүк-бөлүк кылып окугула

  • Окуганыңарды талкуулагыла. Бөлүмдүн аягындагы суроолорду жана сүрөттөрдү колдонгула. Өзүңөр ылайыктуу деп эсептеген аяттарды окуп, талкууласаңар болот. Бөлүмдүн темасындагы суроого жооп берген кара тамга менен жазылган сүйлөмдөрдү баса белгилегиле

  • «Көбүрөөк билүү үчүн» деген кутуча бар болсо, аны да окугула жана изилдеп жаткан кишини андагы кеңештерди колдонууга үндөгүлө

^ 3-абз. Китепченин онлайн түрүндөгүсү — эң акыркы версиясы.