Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Кудайды уккула!» китепчесин колдонуу

«Кудайды уккула!» китепчесин колдонуу

«Кудайды уккула!» китепчеси окуй албагандарга Ыйык Китепте жазылгандарды окутуу максатында чыгарылган. Китепченин бөлүктөрү эки беттен турат жана анда кылдат ойлонуштурулган сүрөттөр бар. Ар бир сүрөттө андан кийин кайсы сүрөттү талкуулаш керектиги көрсөтүлгөн үч бурчтук сыяктуу кичинекей белги бар.

«Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла» китепчесинде «Кудайды уккула!» китепчесиндеги сүрөттөр бар, бирок сөздөрү көбүрөөк. Аны бир аз окуй алгандар менен изилдегенде колдонсо болот. Көптөгөн жарчылар кызыккан киши менен «Кудайды уккула!» китепчесин изилдеп жатканда өздөрү «Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла» китепчесин колдонушат. Китепчеде кошумча ойлорду камтыган кутучалар бар. Аларды изилдеп жаткан кишинин жөндөмүнө жараша талкууласа болот.

Бул эки китепчени дайыма, атүгүл ошол айда сунушталбаса да, колдонсо болот. Изилдөө өткөрүп жатканда Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүш үчүн сүрөттөрдү колдонгула. Изилдеп жаткан киши талкууга катышышы үчүн жана анын түшүнгөн-түшүнбөгөнүн билиш үчүн суроолорду бергиле. Ар бир беттин аягында келтирилген аяттарды окуп, талкуулагыла. Китепчени бүткөндөн кийин изилдеп жаткан кишиге чөмүлүүгө жардам бериш үчүн аны менен «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин же «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебин изилдесеңер болот.