Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЖЕРЕМИЯ 12—16

Ысрайыл эли Жахабаны унутуп калган

Ысрайыл эли Жахабаны унутуп калган

Жахаба Жеремия пайгамбарга оор тапшырма берген. Ал Жахабанын Жүйүт менен Иерусалимди текебердиги үчүн талкалоону чечкенин көрсөткөн иш-аракет кылышы керек болчу.

Жеремия пайгамбар зыгыр кур сатып алган

13:1, 2

  • Белге курчалган кур Жахаба менен анын элинин ортосунда болушу керек болгон ынак мамилени билдирген

Жеремия пайгамбар курду алып, Эфрат дарыясына барган

13:3—5

  • Ал аны асканын жаракасына катып, Иерусалимге кайтып келген

Курду катылган жерден казып алыш үчүн кайра Эфратка барган

13:6, 7

  • Кур чирип калган

Жахаба мунун маанисин Жеремия тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин түшүндүргөн

13:8—11

  • Жеремия маанисиздей көрүнгөн тапшырмаларды да чын жүрөктөн, даярдуулук менен аткаргандыктан, Жахаба аны элинин жүрөгүнө маанилүү ойду жеткириш үчүн колдонгон