Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Үй-бүлөңөргө Жахабаны эстен чыгарбаганга жардам бергиле

Үй-бүлөңөргө Жахабаны эстен чыгарбаганга жардам бергиле

Жеремия жүйүттөргө алар Жахабаны унутуп коюшканы үчүн алааматка кабыларын эскертүүгө дайындалган (Жр 13:25). Бүт элдин рухий жактан ушунчалык алсырап калышына эмне себеп болгон? Буга Ысрайылдагы үй-бүлөлөрдүн Кудайдан алыстап кетиши себеп болгон. Кыязы, үй-бүлө башчылары Жахабанын Мыйзам 6:5—7-аяттардагы көрсөтмөсүнө ылайык иш кылбай калышкан.

Бүгүнкү күндө да үй-бүлөлөр рухий жактан бекем болуп, жыйналыштын бекем болушуна салым кошо алышат. Үй-бүлө башчылары үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпай, маңыздуу өткөрүп, үй-бүлөсүнө Жахабаны эстен чыгарбаганга жардам бере алышат (Зб 22:27). «Бул сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Үй-бүлөлөрдүн дил маеги» деген тасманы көргөндөн кийин бул суроолорго жооп берип көргүлө.

  • Көптөр үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүүдө кабылган кыйынчылыктарын кантип жеңишкен?

  • Үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпай, маңыздуу өткөрүүнүн кандай пайдалары бар?

  • Үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатам жана аны жеңиш үчүн эмне кылсам болот?