26-март—1-апрель
МАТАЙ 25
143-ыр жана тиленүү
Кириш сөз (3 мүн. же андан аз)
КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
«Сергек болгула» (10 мүн.)
Мт 25:1—6. Беш акылдуу жана беш акылсыз кыз үйлөнө турган жигитти тоскону чыгышкан
Мт 25:7—10. Жигит келгенде акылсыз беш кыз аны тосуп алган эмес
Мт 25:11, 12. Үйлөнүү тоюна акылдуу беш кызга гана кирүүгө уруксат берилген
Рухий берметтерди издөө (8 мүн.)
Мт 25:31—33. Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалды түшүндүрүп бергиле (w15 15/3 27-б., 7-абз.)
Мт 25:40. Машаяктын бир туугандары менен достук мамиледе экенибизди кантип көрсөтөбүз? (w09 15/10 16-б., 16—18-абз.)
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн Жахаба жөнүндө эмнени билдиңер?
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн дагы кандай рухий берметтерди таптыңар?
Ыйык Китепти окуу (4 мүн. же андан аз). Мт 25:1—23
КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР
Экинчи кайра жолугуу (3 мүн. же андан аз). Сөздү үлгү иретиндеги маектегидей кылып башта. Эскерүү кечесине чакыр.
Үчүнчү кайра жолугуу (3 мүн. же андан аз). Бир аят тандап, изилдөөгө арналган адабияттардын бирин сунушта.
Сөз (6 мүн. же андан аз). w15 15/3 27-б., 7—10-абз. Темасы: Койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалда кабар айтуу ишине кандайча басым жасалган?
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерди даярданууга үйрөтүү» (10 мүн.). Талкуулоо. Андан соң жарчынын Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге даярданууну үйрөтүп жатканы көрсөтүлгөн видеону көрсөтүп, талкуула. Угуучуларды изилдеп жаткандарга дагы кандай жолдор менен изилдөөгө даярданууга жардам бергенин айтып берүүгө чакыр.
«Конокторду жылуу тосуп алгыла» (5 мүн.). 2016-жылдын март айында чыккан «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралындагы макалага негизделген сөз. 2017-жылы Эскерүү кечесине чейин же андан кийин кызматта болгон кызыктуу окуяларды айтып бер. 31-мартта боло турган Эскерүү кечесине байланыштуу унаа токтоочу жайга, имаратка кирип-чыгууга жана башка тиешелүү нерселерди айт.
Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү (30 мүн.). jy 14-бөл.
Кайталоо жана кийинки жуманын программасына кыскача токтолуу (3 мүн.)
79-ыр жана тиленүү