Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | МАТАЙ 25

«Сергек болгула»

«Сергек болгула»

25:1—12

Иса пайгамбар он кыз жөнүндөгү мисалды биринчи кезекте майланган жолдоочуларына карата айтса да, негизинен, ал Исанын бардык жолдоочуларына тиешелүү (w15 15/3 12—16-б.). Иса: «Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер»,— деген (Мт 25:13). Иса пайгамбардын бул мисалын түшүндүрүп бере аласыңарбы?

  • Үйлөнө турган жигит (1-аят) — Иса

  • Акылдуу кыздар (2-аят— Иса Машаяктын өздөрүнө дайындалган ишти аткарууга даяр турган жана аягына чейин чырактай жаркырап турган майланган жолдоочулары (Фп 2:15)

  • «Жигит келатат!» — деген кыйкырык (6-аят— Иса Машаяктын катышуусунун белгиси

  • Акылсыз кыздар (8-аят— Үйлөнө турган жигитти тосуп чыгыш үчүн чыккан, бирок сергек турбай, кынтыксыздыгын сактабай калган Иса Машаяктын майланган жолдоочулары

  • Акылдуу кыздардын май бербей койгону (9-аят— Акыркы жолу мөөр басылгандан кийин, Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандардын ишенимдүүлүгүн сактабагандарга жардам берүүгө өтө эле кеч болуп калышы

  • «Жигит келип калат» (10-аят— Улуу алаамат соңуна чыгарда Иса Машаяктын сот өкүмүн ишке ашырыш үчүн келиши

  • Акылдуу кыздардын жигит менен кошо үйлөнүү тою өткөн үйгө кириши жана эшиктин жабылышы (10-аят— Иса Машаяктын өзүнүн майланган жолдоочуларын асманга чогултушу жана ишенимсиздердин асмандагы сыйлыгынан куру калышы