Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МЫКТЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛГОНГО УМТУЛАЛЫ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерди даярданууга үйрөтүү

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерди даярданууга үйрөтүү

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Ыйык Китепти изилдегендер изилдөөгө даярданышса, өтүлгөн материалды жакшыраак түшүнүп, жакшыраак эстеп калышат. Ошонун аркасында тезирээк ийгилик жасашат. Алар чөмүлгөндөн кийин да жыйналыштарга жана кызматка чыгарда даярданышы зарыл. Себеби бул «сергек болгонго» жардам берет (Мт 25:13). Ошондуктан кантип изилдешти жакшы билишсе жана изилдөөнүн графигине карманууну адат кылып алышса, мунун пайдасы өмүр бою тиет. Изилдеп жаткан кишиге башынан эле Ыйык Китепти изилдөөгө даярдануу адатын өрчүткөнгө жардам беришибиз керек.

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Өзүңөр үлгү болгула (Рм 2:21). Изилдөөгө изилдеп жаткан ар бир кишинин ой жүгүртүүсүн эске алып өзүнчө даярдангыла (km 11/15 3-б.) Алар силердин чийип даярданган адабиятыңарды көргүдөй болсун

  • Изилдеп жаткан кишини даярданууга үндөгүлө. Изилдөө туруктуу өткөрүлө баштагандан кийин ага даярдануу Ыйык Китепти изилдөөнүн бир бөлүгү экенин жана даярдануунун пайдасын түшүндүрүп бергиле. Даярданууга кантип убакыт тапса болоруна байланыштуу иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди бергиле. Изилдеп жаткан адам даярдануунун пайдасын көрө алышы үчүн айрымдар өздөрүнүн чийип даярдалган адабиятын изилдөө учурунда изилдеп жаткан кишиге берип коюшат. Изилдөөгө даярданганда сөзсүз мактагыла

  • Кантип даярдануу керектигин көрсөткүлө. Айрымдар кимдир бирөө менен Ыйык Китепти жаңыдан изилдеп баштаганда бир жолку изилдөө убактысын кантип даярдануу керектигин көрсөтүп берүүгө жумшашат