Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | МАТАЙ 20, 21

«Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун»

«Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун»

20:28

Текебер китепчилер жана фарисейлер базар аянтында башкалардын аларды байкап, учурашканын жакшы көрүшчү

Текебер китепчилер менен фарисейлер башкаларды таасирлентүүнү каалашчу жана көрүнүктүү абалды ээлегенди жакшы көрүшчү (Мт 23:5—7). Ал эми Иса пайгамбар андай болгон эмес. Ал жерге «өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылыш» үчүн келген (Мт 20:28). Кудайга сыйынууда атак-даңкка, урмат-сыйга ээ кыла турган иштерге гана күч жумшап жаткан жокпузбу? Эгер Кудайдын көз алдында чоң болгубуз келсе, Иса пайгамбардай болуп башкаларга кызмат кылышыбыз керек. Андай иштер, адатта, башкаларга билинбейт, аларды Жахаба гана көрөт (Мт 6:1—4). Момун кызматчы кылган иштерге төмөнкүлөр кирет:

  • Падышалык залын тейлөөгө жана тазалоого катышуу

  • Кары-картаңдарга жана башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алуу

  • Падышалыктын иштерин материалдык жактан колдоо