Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | РИМДИКТЕР 12—14

Бир туугандык сүйүү көрсөтүү деген эмнени билдирет?

Бир туугандык сүйүү көрсөтүү деген эмнени билдирет?

12:10, 17—21

Кимдир бирөө жүрөгүбүздү оорутканда, бир туугандык сүйүү бизге жаман мамиле кылуудан качып эле койбостон, андан да көптү кылууга түрткү берет. Ыйык Китепте: «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ошентүү менен анын башына чок үйөсүң»,— деп жазылган (Рм 12:20). Бизге жамандык кылган кишиге боорукердик менен мамиле кыла берсек, ал туура эмес кылганына өкүнүшү мүмкүн.

Сен байкабай капа кылып алган киши боорукердик менен мамиле кылганда, кандай сезимде болдуң эле?