Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Катты кантип жазса болот?

Катты кантип жазса болот?
  • Катка өзүңөрдүн дарегиңерди жазгыла. Эгер бул акыл-эстүүлүккө жатпайт деп ойлосоңор, аксакалдар уруксат берсе, Падышалык залынын дарегин жазсаңар болот. ЭЧ КАЧАН филиалдын дарегин жазбагыла.

  • Кат жазгыңар келген киши кат жеке ага жөнөтүлгөнүн билиши үчүн, атын билсеңер, атын жазгыла.

  • Грамматикалык жактан туура, катасыз жазылганына, тыныш белгилеринин туура коюлганына ынангыла. Катты булгабай, таза, туура жазгыла. Колго жазсаңар, оңой окулгудай болсун. Кат өтө эле оозеки же өтө эле расмий болбошу керек.

Кутучада каттын үлгүсү көрсөтүлдү. Бул аймагыңардагы кимдир бирөөгө кат жазганда муну сөзмө-сөз көчүрүп жазышыңар керек дегенди билдирбейт. Катты максатыңарга, жергиликтүү шарттарга, маданиятка жараша ылайыкташтыргыла.