Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Катты туура жазуу

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Катты туура жазуу

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? 1 Корунттуктар китеби — элчи Пабылдын ишенимдештерин бекемдеп жазган 14 катынын бири. Кат жазганда туура сөздөрдү тандаганга мүмкүнчүлүк болот жана ал катты алган киши да аны бир нече жолу окушу мүмкүн. Кат жазуу — туугандарга, тааныштарга кабар айтуунун эң сонун жолу. Бетме-бет жолугуп сүйлөшө албаган адамдарга да кат аркылуу кабар айта алабыз. Кимдир бирөө кабарды жакшы угушу, бирок үйүнөн аны такыр жолуктура албашыбыз мүмкүн. Айрым аймактардагы кишилер катуу кайтарылган, короосуна дарбаза коюлган же обочо жайгашкан үйлөрдө жашагандыктан, аларга жолуга албашыбыз ыктымал. Анда кат жазганда, өзгөчө, бейтааныш адамдарга кат жазганда эмнелерди эске алышыбыз керек?

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Катка бетме-бет жолукканда айткыңар келген сөздөрдү жазгыла. Башында аты-жөнүңөрдү жазып, эмне үчүн кат жазып жатканыңарды так-даана түшүндүргүлө. Балким, аны ойлондура турган суроону жазып, веб-сайтыбызга кирип көрүүгө үндөйтүрсүңөр. Анан Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдесе болорун, анын кантип өткөрүлөрүн жана изилдөө өткөрүүгө арналган адабияттардын бириндеги айрым бөлүмдөрдүн темасын жазгыла. Конвертке байланыш карточкасын, жыйналышка чакыруу баракчасын же баракча сыяктуу адабияттардан салып койсоңор болот.

  • Кыска жазгыла. Өтө узун болсо, тажап кетип аягына чейин окубай коюшу мүмкүн (8-беттеги каттын үлгүсү көрсөтүлгөн кутучаны карагыла).

  • Түшүнүктүү, катасыз, сылыктык менен, жылуу маанайда жазылганын текшергиле. Тийиштүү маркалардын баарын чаптагыла.