Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Окутканда видеотасмаларды колдонгула

Окутканда видеотасмаларды колдонгула

Видеотасма, сүрөт, карта сыяктуу куралдар адамга көңүл топтоп, билгендерин жакшы түшүнгөнгө, эстеп калганга жардам берет. Улуу Насаатчыбыз Жахаба да маанилүү нерселерди үйрөткөндө ошондой куралдарды колдонгон (Бш 15:5; Жр 18:1—6). Улуу Окутуучу болгон Иса Машаяк да ошенткен (Мт 18:2—6; 22:19—21). Акыркы жылдарда аябай таасирдүү деп эсептелген куралдардын бири видеотасмалар экени анык болууда. Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда видеотасмаларды жакшы колдонуп жатасыңарбы?

«Кудайдан келген жакшы кабар» китепчесинде жазылгандарды үйрөткөнгө жардам бериш үчүн 10 видеотасма даярдалган. Дээрлик ар биринин аталышы китепчеде кара тамгалар менен жазылган суроолорго окшош. Сайтка чыгарылган санарип түрүндөгүсүндө бөлүмдөрдүн аягында ошол темага байланыштуу видеотасманын шилтемеси бар. Андан тышкары, негизги окутуу куралдарыбызга кирген адабияттарыбыздагы маалыматка кошумча катары дагы башка видеотасмаларды колдонсок болот.

Силер менен изилдеп жаткан киши Ыйык Китептеги кайсы бир теманы түшүнө албай жатабы? Же кайсы бир сыноого туш болуп жатабы? Анда jw.org®/ky сайтынан же JW телеберүүсүнөн® ага пайдалуу боло турган видеотасманы издегиле. Балким, экөөңөр чогуу алардын бирин көрүп, талкуулайттырсыңар.

Ай сайын жаңы видеотасмалар чыгууда. Кайсы бир тасманы көрүп жатканда изилдөө учурунда аны кантип колдонсоңор болору жөнүндө ойлонгула.