Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | БАШТАЛЫШ 29, 30

Жакып үйлөнөт

Жакып үйлөнөт

29:18—28

Жакып үйлөнгөндө кандай кыйынчылыкка туш болорун такыр билген эмес. Анын аялдары, Рахил менен Лия, бири-бирине атаандашкан (Бш 29:32; 30:1, 8). Бирок ушундай сыноолор болсо да, Жакып Жахабанын аны менен экенин билген (Бш 30:29, 30, 43). Акыры, анын урпактарынан ысрайыл эли пайда болгон (Рут 4:11).

Бүгүнкү күндө да үй-бүлө кургандардын жашоосунда кыйынчылыктар болбой койбойт (1Кр 7:28). Ошондой болсо да алар Жахабага таянып, Ыйык Китептеги принциптерди колдонуунун аркасында коломто отун өчүрбөй, бактылуу боло алышат (Нкл 3:5, 6; Эф 5:33).