Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Көзү көрбөгөндөргө кабар айтуу

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Көзү көрбөгөндөргө кабар айтуу

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Көзү көрбөгөн адамдардын көбү чоочундар менен сүйлөшкөндө ыңгайсызданышат. Андыктан аларга кабар айтыш үчүн тапкычтык керек. Жахаба көзү көрбөгөндөргө мээримдүүлүк менен кам көрөт (Лб 19:14). Биз да андан үлгү алып, андай адамдарга рухий жактан жардам бериш үчүн демилгени колго алсак болот.

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Издегиле (Мт 10:11). Көзү көрбөгөн жакын кишиси бар кимдир бирөөнү билесиңерби? Силер кабар айткан аймакта көзү көрбөгөндөрдүн мектеби, аларга кам көргөн жайлар же мекемелер барбы? Балким, ал жакта азиз адамдар үчүн чыгарылган адабияттарды алгысы келгендер бардыр.

  • Чын дилден көңүл бургула. Достук маанайда сүйлөшүп, чын дилден көңүл бурганыңар көзү көрбөгөн кишиге өзүн эркин сезгенге жардам берет. Ага кызыктуу боло турган темада сөз баштаганга аракет кылгыла.

  • Рухий жактан жардам көрсөткүлө. Көзү көрбөгөндөргө же начар көргөндөргө жардам бериш үчүн уюмубуз ар кандай форматтагы адабияттарды чыгарып келет. Көзү көрбөгөн кишиден алардын кайсынысын алгысы келерин сурагыла. Кызмат көзөмөлчүсү адабиятка жооптуу бир туугандын көзү көрбөгөн адам каалаган форматтагы адабиятка өтүнмө толтурганына ынанышы керек.