9—15-март
БАШТАЛЫШ 24
132-ыр жана тиленүү
Кириш сөз (1 мүн.)
КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
«Ыскакка колукту издөө» (10 мүн.)
Бш 24:2—4. Ыбрайым пайгамбар кызматчысын Жахабага сыйынгандардын арасынан уулу Ыскакка колукту таап келүүгө жиберген (wp16.3 14-б., 3-абз.)
Бш 24:11—15. Ыбрайымдын кызматчысы кудуктун жанынан Ребекага жолуккан (wp16.3 14-б., 4-абз.)
Бш 24:58, 67. Ребека Ыскакка турмушка чыгууга макул болгон (wp16.3 14-б., 6, 7-абз.)
Рухий берметтерди издөө (10 мүн.)
Бш 24:19, 20. Ребеканын бул аяттарда айтылган иш-аракетинен эмнелерди үйрөнсөк болот? (wp16.3 12, 13-б.)
Бш 24:65. Ребека эмне үчүн жоолук алып, башына жаап алган жана мындан эмнени үйрөнө алабыз? (wp16.3 15-б., 3-абз.)
Ушул жумада Ыйык Китепти окуудан Жахаба жөнүндө жана кабар айтууга же дагы башка нерселерге тиешелүү кандай рухий берметтерди таптыңар?
Ыйык Китепти окуу (4 мүн. же андан аз). Бш 24:1—21 (th 2-сабак)
КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР
Алгачкы жолугуунун видеосу (4 мүн.). Талкуу. Видеону көрсөтүп, андан соң бул суроолорду бер: Жарчы суроолорду кантип натыйжалуу колдонду? Үй ээси Иса жөнүндө туура эмес ой айтканда, жарчы эмне кылды?
Алгачкы жолугуу (2 мүн. же андан аз). Үлгү иретиндеги маекти колдон. (th 1-сабак)
Алгачкы жолугуу (3 мүн. же андан аз). Үлгү иретиндеги маектегидей кылып сөз башта. Аймагыңда көп кездешкен каршы ойго жооп бер. (th 12-сабак)
Эскерүү кечесине чакыруу (3 мүн. же андан аз). Үлгү иретиндеги маектегидей кылып сөз башта. Үй ээси кызыгып калат. Анын көңүлүн «Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү» деген видеого буруп, талкуула (бирок көрсөтүүнүн зарылдыгы жок). (th 11-сабак)
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
14-мартта, ишембиде, Эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгү башталат (8 мүн.). Талкуу. Отургандардын баарына чакыруу баракчасын берип, мазмунуна токтол. Үлгү иретиндеги сунуштоонун видеосун көрсөтүп, талкуула. Аймакты иштетүү үчүн кандай чаралар көрүлгөнүн айтып өт.
«Кимдерди чакырсам болот?» (7 мүн.). Талкуу.
Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү (30 мүн.). jy 107-бөл.
Корутунду (3 мүн. же андан аз)
9-ыр жана тиленүү