Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кимдерди чакырсам болот?

Кимдерди чакырсам болот?

Аймактагыларды Эскерүү кечесине чакырыш үчүн жыл сайын көп күч-аракет жумшайбыз. Алардын көптөрү бейтааныш адамдар. Биз тааныштарыбызды да Эскерүү кечесине чакырабыз. Адатта, тааныган кишиден чакыруу баракчасын алгандардын кечеге келиши көбүрөөк ыктымал (yb08-U 11-б., 3-абз.; 14-б., 1-абз.). Силер кимдерди чакырсаңар болот?

  • Туугандарыңарды

  • Чогуу иштешкендериңерди же чогуу окугандарыңарды

  • Кошуналарыңарды

  • Кайра жолугууга макул болгондорду жана Ыйык Китепти мурда изилдегендерди же азыр изилдеп жаткандарды

Аксакалдар жигердүү эмес жарчыларды да чакырышат. Эгер тааныштарыңар башка жакта жашаса, эмне кылсаңар болот? Аларга жашаган жеринде Эскерүү кечеси канчада жана кайсы жерде өткөрүлөрүн билдирип койгула. Ал маалыматты jw.org сайтынын башкы бетиндеги «БИЗ ЖӨНҮНДӨ» деген куржундун ичиндеги «Эскерүү кечеси» деген бөлүктөн таба аласыңар. Бул жылдын Эскерүү кечесине даярданып жатканда кимдерди чакырсаңар болору тууралуу ойлонуп, ар бирин жекече чакыргыла.