Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА

Жахабадан тиленип, анын жардамын кабыл алгыла

Жахабадан тиленип, анын жардамын кабыл алгыла

Кимдир бирөөнүн жүрөгүндө чындыктын үрөнү тамыр алып, өсүшү Жахабадан (1Кр 3:6—9). Андыктан кызматыбызды натыйжалуу аткарыш үчүн Кудайдан бизге да, кызыгуучуга да жардам беришин сурап тиленип, ага таянышыбыз керек.

Жахабадан кызыгуучуга кысымга, тоскоолдуктарга алдырбай, туруктуу болгонго жардам беришин сурагыла (Фп 1:9, 10). Жалпылап эмес, так-айкын тиленгиле. Ыйык рух ой жүгүртүүңөрдү, иш-аракетиңерди жетектешин сурап да тиленгиле (Лк 11:13). Кызыгуучуга тиленгенди үйрөтүп, тиленгенге үндөгүлө. Аны менен чогуу жана ал үчүн тиленгиле. Тиленип жатканда атын айткыла.

«ШАКИРТ ДАЯРДООДОН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА. ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГЫЛА. ТИЛЕНҮҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Ниита Лили менен изилдеп жатканда кандай кыйынчылыкка кабылды?

  • 1 Корунттуктар 3:6да жазылгандар Ниитага кандайча жардам берди?

  • Ниита кабылган кыйынчылык кантип чечилди?