КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Оор ишти ыйык рухтун жардамы менен аткарышкан
Тарых бою Кудайдын кызматчылары укмуштуудай иштерди бүтүрүп келишкен. Бирок алар андай иштерди өз күчү менен эмес, Жахабанын жардамы менен кылышкан. Алсак, 1954-жылы «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген тасма жарык көргөн. Аны, негизинен, тасма тартуу жагынан тажрыйбасы жок бейтелдиктер тартышкан. Оңой эмес ал долбоор Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен ишке ашкан. Эгер Жахабага таянсак, кандай гана иш тапшырылбасын, аткара аларыбыздан түк да шектенбесек болот (Зак 4:6).
«„ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КООМУ ИШ-АРАКЕТТЕ“ ДЕГЕН ТАСМАНЫН ТАРТЫЛЫШЫ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эмне үчүн бир туугандар бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалык жөнүндө тасма тартууну чечишкен?
-
Тасмада Бейтел кандайча дене мүчөлөрүнө окшоштурулган? (1Кр 12:14—20)
-
Бир туугандар тасма тартып жатканда кандай кыйынчылыктарга туш болушкан жана аларды кантип жеңишкен?
-
Мындан Жахабанын ыйык руху жөнүндө эмнени билсек болот?