Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Бергиле»

«Бергиле»

Иса берешендиктин жугуштуу болорун айткан (Лк 6:38). Андыктан берешен болууну адат кылып алсак, ишенимдештерибиз да боорукер, берешен болгонго түрткү алат.

Кубаныч менен берүү сыйынуубуздун бир бөлүгү болуп саналат. Жахаба жардамга муктаж болгон ишенимдештерине марттык көрсөткөндөрдү сөзсүз байкайт жана алардын жакшылыгынын акыбетин кайтарарын убада кылат (Нкл 19:17).

«БЕРЕШЕНДИГИҢЕРГЕ ЫРААЗЫБЫЗ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Тартууңар ишенимдештериңердин кем-карчын толукташ үчүн кандайча колдонулат?

  • Колубузда барбы, жокпу, тартуу салып турганыбыз эмне үчүн маанилүү? (jw.org сайтындагы «Жокчулукту жапкан молчулук» деген макаланы да карагыла.)