Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18—24-ноябрь

ЗАБУР 107, 108

18—24-ноябрь

7-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы»

(10 мүн.)

Жахаба ысрайыл элин Бабыл кулчулугунан куткаргандай эле, бизди да Шайтандын дүйнөсүнөн сууруп чыккан (Зб 107:1, 2; Кл 1:13, 14)

Жахабага ыраазы болгонубуз аны жыйналышта даңктаганга түрткү берет (Зб 107:31, 32; w07 1/5 8-б., 2-абз.)

Жахабанын бизге кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүү ага болгон ыраазычылык сезимибизди арттырат (Зб 107:43; w15 15/1 9-б., 4-абз.)

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 108:9. Мааптын Кудайдын «чылапчынына» салыштырылганы эмнени билдириши мүмкүн? (it-2 420-б, 4-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ (lmd 1-сабак, 4-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кишиге Ыйык Китепти акысыз изилдөө кантип өткөрүлөрүн түшүндүр жана ага изилдөөгө үндөгөн байланыш карточкасын бер (lmd 9-сабак, 3-ой).

6. Сөз

(5 мүн.) ijwyp 90-макала. Тема: Терс ойлордон кантип качсам болот? (th 14-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

46-ыр

7. Жахабага ыраазы болгондуктан ырдайбыз

(15 мүн.) Талкуу.

Жахаба үрөйү учкан ысрайыл элин Кызыл деңизде Мисирдин күчтүү аскеринен куткарган. Буга ыраазы болгон ысрайылдыктар Жахабаны даңктап ырдашкан (Чг 15:1—19). Ал жаңы ырды эркектер ырдай башташкан (Чг 15:21). Иса жана анын 1-кылымдагы жолдоочулары да Кудайды даңктап ырдашчу (Мт 26:30; Кл 3:16). Жыйналыш жолугушууларында жана жыйындарда Жахабаны даңктап ырдоо менен ага ыраазы экенибизди билдиребиз. Алсак, жогорудагы «Ыракмат сага, Жахаба» деген ыр 1966-жылдан бери жолугушууларыбызда ырдалып келет.

Маданияттан улам айрым эркектер эл алдында ырдагандан уялышат. Башкалары болсо жакшы ырдай албайм деп ырдагысы келбеши мүмкүн. Бирок жыйналыш жолугушууларында ырдоо сыйынуубуздун бир бөлүгү экенин унутпашыбыз керек. Биздин уюм жүрөк козгогон ырларды даярдоого жана жолугушууларыбызда кайсы ыр ырдаларын тандоого көп күч жумшайт. Ал эми бизден күтүлгөн нерсе — Жахабага ыраазы экенибизди жана аны сүйөрүбүздү көрсөтүп бир үндөн ырдоо.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Уюмубуздун тарыхый мурасы. Ыр белеги (2-бөлүк)». Анан угармандардан сура:

  • 1944-жылы эмне болгон?

  • Сибирдеги ишенимдештерибиз Падышалык ырларын ырдоону жакшы көрөрүн кантип көрсөтүшкөн?

  • Жахабанын Күбөлөрү үчүн ыр ырдоо эмне үчүн маанилүү?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 18-бөл., 6—15-абз.

Корутунду (3 мүн.) | 73-ыр жана тиленүү