Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-декабрь, 2024—5-январь, 2025

ЗАБУР 120—126

30-декабрь, 2024—5-январь, 2025

144-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Бабыл кулчулугунан кайтып келген ысрайылдыктар Жахаба алардын эмгегине батасын бергендиктен, кубаныч менен түшүм жыйнап жатышат

1. Көз жашын төгүп себишкен, бирок кубаныч менен оруп алышкан

(10 мүн.)

Ысрайылдыктар таза сыйынууну калыбына келтириш үчүн туткундан кайтып келгенине төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн (Зб 126:1—3)

Туткундан кайтып келген жүйүттөр жумуштун көптүгүн көрүп ыйлашкан (Зб 126:5; w04 1/6 25-б., 10-абз.)

Алар жан үрөп эмгектенгендиктен бата алышкан (Зб 126:6; w21.11 24-б., 17-абз.; w01 1/8 14, 15-б., 13, 14-абз.; сүрөттү карагыла)

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Армагедондон аман өткөндөн кийин жерди калыбына келтирип жатканда кандай кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн? Кандай баталарды алабыз?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 124:2—5. Жахаба ысрайыл элин түзмө-түз коргогондой эле, бизди да коргойт деп күтсөк болобу? (cl 73-б., 15-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ (lmd 3-сабак, 5-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Киши буга чейин сүйлөшкөндө Ыйык Китепте жазылгандарга ишенбей турганын айткан (lmd 9-сабак, 5-ой).

6. Шакирт даярдоо

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

155-ыр

7. Кудайдын рахат тартуулаган убадалары

(15 мүн.) Талкуу.

Жахаба Бабылда туткунда жүргөн элине берген убадасын аткарган. Ал аларды туткундан бошотуп, мурун кылган күнөөлөрүн кечирген (Ыш 33:24). Кыязы, Жахаба элин жана алардын үй жаныбарларын алар жок кезде көбөйүп кеткен арстандардан жана башка жырткычтардан коргогон (Ыш 65:25). Ысрайылдыктар өздөрү курган үйлөрдө жашап, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешкен (Ыш 65:21). Жахаба элинин эмгегине батасын берген жана алар бакытка бөлөнүп, узак өмүр сүрүшкөн (Ыш 65:22, 23).

Waterfall: Maridav/stock.adobe.com; mountains: AndreyArmyagov/stock.adobe.com

ВИДЕОНУ көрсөт. «Кудайдын рахат тартуулаган убадалары (үзүндү)». Анан угармандардан сура:

  • Бул пайгамбарлык бүгүнкү күндө кандайча аткарылып жатат?

  • Жаңы заманда кантип аткарылат?

  • Бейиште, өзгөчө, ким менен жолуккуң келет?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 20-бөл., 8—12-абз., 161-беттеги кутуча

Корутунду (3 мүн.) | 58-ыр жана тиленүү