Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4—10-ноябрь

ЗАБУР 105

4—10-ноябрь

3-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. «Ал өз келишимин эч качан. . . унутпайт»

(10 мүн.)

Жахаба Ыбрайым менен келишим түзүп, аны Ыскак менен Жакыптын да эсине салган (Бш 15:18; 26:3; 28:13; Зб 105:8—11)

Ал убада аткарылбачудай сезилген (Зб 105:12, 13; w23.04 28-б., 11, 12-абз.)

Жахаба Ыбрайым менен түзгөн келишимин эч качан унуткан эмес (Зб 105:42—44; it-2 1201-б., 2-абз.)


ОЙЛОНУП КӨР: Жахабанын өз убадаларын аткарып келгени ага көбүрөөк ишеним артканга кандайча жардам берет?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 105:17—19. Кандайча Жусупту «Жахабанын сөзү тазарткан»? (w86 1/11 19-б., 15-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(1 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Үй ээсинин колу бош эмес болот (lmd 2-сабак, 5-ой).

5. Сөз баштоо

(2 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Киши талашып-тартыша баштаганда маекти жылуу-жумшак бүтүр (lmd 4-сабак, 5-ой).

6. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Буга чейин сүйлөшкөндө киши кайсы темага кызыкса, ошол темадагы журналды сунушта (lmd 8-сабак, 3-ой).

7. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кишиге JW Library® тиркемеси жөнүндө айтып берип, аны жүктөп алганга жардам бер (lmd 9-сабак, 5-ой).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

84-ыр

8. Сүйүүңөрдү көрсөткүлө

(15 мүн.) Талкуу.

Эгер убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды Падышалыктын иштери үчүн жумшасак, Падышабыз Исаны сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Ушундай кылсак, Жахабаны да кубантабыз, ишенимдештерибиз да үзүрүн көрөт (Жн 14:23). Тартуу кылынган каражат дүйнө жүзүндөгү боордошторубузга жардам бериш үчүн кантип колдонулуп жатканы тууралуу jw.org сайтындагы «Тартууңар каякка жумшалат?» деген макалалар жыйнагынан окуй аласыңар.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Тартууңардын күчү». Анан угармандардан сура:

  • Тартуулардын дин тутуу эркиндигин коргош үчүн колдонулуп жатканы ишенимдештерибизге кандайча пайдасын тийгизип жатат?

  • Тартуулардын «тең бөлүштүрүлгөнү» Падышалык залдарын курууга кандайча өбөлгө түзүп жатат? (2Кр 8:14)

  • Тартуулардын Ыйык Китепти көптөгөн тилдерге которуш үчүн жумшалып жатканы кандай пайда алып келүүдө?

9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 17-бөл., 13—19-абз.

Корутунду (3 мүн.) | 97-ыр жана тиленүү