Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23—29-декабрь

ЗАБУР 119:121—176

23—29-декабрь

31-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Өзүңдү өзүң азапка салганыңдын кереги барбы?

(10 мүн.)

Кудайдын мыйзамдарын сүйгүлө (Зб 119:127; w18.06 17-б., 5, 6-абз.)

Жамандыкты жек көргүлө (Зб 119:128; w93 15/4 17-б., 12-абз.)

Жахабаны угуп, «тажрыйбасыздардын» катасын кайталабагыла (Зб 119:130, 133; Нкл 22:3)

ОЙЛОНУП КӨР: Кудайдын мыйзамдарын сүйүп, жамандыкты жек көрүш үчүн кайсы жактардан жакшырышым керек?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 119:160. Бул аятка ылайык, эмнеге ынанышыбыз керек? (w23.01 2-б., 2-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ (lmd 1-сабак, 5-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Кишиге jw.org сайтынан аны кызыктырган маалыматты кантип тапса болорун көрсөтүп бер (lmd 8-сабак, 3-ой).

6. Шакирт даярдоо

(5 мүн.) Ыйык Китепти изилдеп жаткан, бирок жыйналышка дайыма келбеген киши менен сүйлөш (lmd 12-сабак, 4-ой).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

121-ыр

7. Акчаны жөнү жок корото бербе

(15 мүн.) Талкуу.

Акчаны сүйүп, баюуга умтулгандар «өздөрүн өздөрү жаралашат» (1Тм 6:9, 10) Акчанын артынан чуркап, аны жашообузда биринчи орунга койсок, кандай азаптарга туш болушубуз мүмкүн? Төмөндө алардын айрымдары келтирилди:

  • Жахаба менен ынак мамиледе боло албайбыз (Мт 6:24).

  • Эч качан топук кылбайбыз (Нс 5:10).

  • Уурулук кылуу, калп айтуу жана чыккынчылык сыяктуу туура эмес иштерге туруштук берүү кыйыныраак болушу мүмкүн (Нкл 28:20). Жаман иштерге барсак, өзүбүздү күнөөлүү сезебиз, атыбыз булганат жана Кудайдын ырайымынан ажырайбыз.

Еврейлер 13:5ти окуп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Акчага карата кандай көз карашта болгонубуз көп тынчсызданбаганга жардам берет жана эмне үчүн?

Акчаны сүйбөсөк да, аны туура колдонбосок, өзүбүздү өзүбүз жаралайбыз.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Акча кармаганды билесиңби?» Анан угармандардан сура:

  • Эмне үчүн бюджет түзүп алышыбыз керек жана муну кантип кыла алабыз?

  • Акчаны үнөмдөгөнүбүз эмнеси менен жакшы?

  • Эмне үчүн жөнү жок эле насыя ала бербешибиз керек?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 20-бөл., 1—7-абз., 7-бөлүккө кириш сөз

Корутунду (3 мүн.) | 101-ыр жана тиленүү