КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Күйөөсүн дарбаза алдында... отурганда таанышат»
Жакшы аял күйөөсүнө жакшы таасир этет. Лемуел падышанын убагында жакшы аялдардын күйөөлөрү «дарбаза алдында» отурган, көпчүлүккө белгилүү кишилерден болушчу (Нкл 31:23). Бүгүнкү күндө кадырлуу эркектер аксакалдар жана кызмат жардамчылары болуп кызмат кылышат. Эгер үйлөнгөн болсо, ал кызматты аркалаар-аркалабасы көбүнчө жубайынын жакшы жүрүм-турумунан жана колдоосунан көз каранды болот (1Тм 3:4, 11). Андай жакшы аялдарды күйөөлөрү эле эмес, жыйналыштагылар да жогору баалайт.
Жакшы аял күйөөсүнүн кызмат кылышына кантип жардам бере алат?
-
Жылуу сөз айтып дем-шык берет (Нкл 31:26)
-
Жыйналыштагыларга кызмат кылышын кош колдоп колдойт (1Тс 2:7, 8)
-
Бар нерсеге ыраазы болот (1Тм 6:8)
-
Күйөөсүнөн жыйналыштагы купуя маалыматты сурабайт (1Тм 2:11, 12; 1Пт 4:15)