Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китепти кантип колдонсок болот?

«Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китепти кантип колдонсок болот?

Келечекте көп тилдерде жарык көрө турган «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китеби жана «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китеп бири-бирине окшош. Изилдөө өткөрүүгө арналган бул куралдарыбыздагы бирдей темалар бирдей тартипте жайгашкан. Бирок «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебинде жөнөкөй сөздөр, жөнөкөй логика колдонулган. Бул китеп «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китепти анча жакшы түшүнө албагандар үчүн чыгарылган. Ошондой эле бул китептеги тиркемелерде айрым терминдер жана түшүнүктөр жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүлгөн. Мындан тышкары, бөлүмдөрдүн башындагы суроолор жана аягындагы кайталоо үчүн суроолор жок. Алардын ордуна бөлүмдөрдө түшүндүрүлгөн чындыктарды корутундулаган кутучалар берилген. «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китеби сыяктуу эле, «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китепти да бардык учурда, атүгүл кайсы бир айда башка адабиятты колдонуу сунушталган күндө да сунуштасак болот. Изилдөө өткөрүп жатканда бул китептин өзгөчөлүктөрүн кантип колдонууга болот?

КУТУЧАЛАР: Көптөргө «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин биз адатта колдонгон ыкма менен изилдөө — абзацты окуп, андан соң суроолордун жардамы менен аны талкуулоо — кыйынга турбайт. Бирок изилдеп жаткан киши изилдөө өткөрүлүп жаткан тилде жакшы сүйлөй албаса же жакшы окуй албасачы? Анда «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебин колдонсок болот. Андай учурларда изилдөө өткөрүү үчүн бөлүмдөрдүн аягындагы кутучаны колдонуп, ал эми бөлүмдү үйдөн өз алдынча окууга үндөсө болот. Кутучадагы чындыктардын ар бирин талкуулоого 15 мүнөттөй кетет. Кутучада негизги тексттеги майда-барат нерселер камтылбагандыктан, изилдөө өткөргөн жарчы изилдеп жаткан кишинин муктаждыгын эске алып, жакшылап даярданышы кажет. Эгер бөлүм толугу менен изилденсе, кутучаны кайталоо үчүн колдонсо болот.

ТИРКЕМЕЛЕР: «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» китебинде тиркемедеги сөздөр жана түшүнүктөр негизги текстте кездешкени боюнча жайгашкан. Аларды изилдөө учурунда талкуулоону же талкуулабоону ар бир жарчы өзү чечсе болот.