2 ЖАКАН 1-13; 3 ЖАКАН 1-14; ЖҮЙҮТ 1-25
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ |Чындыкта бекем туруш үчүн күрөшкүлө
Иса: «Тар эшиктен кириш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— деген (Лк 13:24). Бул сөздөр Кудайга жагыш үчүн күрөшүшүбүз, колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керектигин билдирет. Исанын энелеш бир тууганы Жүйүт ыйык рухтун жетеги менен ушу сыяктуу сөздөрдү жазган. Ал: «Ишеним үчүн тырышып күрөшкүлө»,— деген. Төмөнкүлөрдү кылыш үчүн талыкпай күч-аракет жумшоо талап кылынат:
-
Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка каршы туруу (Жүй 6, 7)
-
Жыйналышта бийликке ээ болгондорду урматтоо (Жүй 8, 9)
-
«Абдан ыйык ишенимибизди», башкача айтканда, ыйык китептик окууларга болгон ишенимибизди бекемдөө (Жүй 20, 21)