Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахаба эмнеге муктаж экенибизди билет

Жахаба эмнеге муктаж экенибизди билет

Ишенимдүү жана акылдуу кул рухий тамакты «өз убагында» берип турат. Мындан аларды жетектеп жаткан Жахабанын рухий жактан эмнеге муктаж экенибизди жакшы билерин көрүүгө болот (Мт 24:45). Буга көптөгөн нерселер, анын ичинде региондук жыйындар жана иш күндөрүндөгү жолугушууларыбыз далил боло алат.

«ОКУТУУ КОМИТЕТИНИН 2017-ЖЫЛДАГЫ ОТЧЁТУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Бизге кубаныч тартуулаган өз убагындагы жыйындар үчүн даңкталып-макталууга ким татыктуу жана эмне үчүн?

  • Жыйынга даярдыктар эмнеден башталат?

  • Жыйындын темалары кантип тандалат?

  • Жыйынды уюштурууда кандай иштер аткарылат?

  • Иш күндөрүндөгү жолугушууда кандайча Гилат мектебиндеги изилдөө ыкмалары колдонулат?

  • Окуу куралын даярдоодо ар кайсы бөлүмдөр кантип кызматташышат?

Жахаба уюштуруп берип жаткан рухий иш-чараларга сен кандай карайсың?