«Мен сенин иштериңди... билем»
-
«Жети жылдыз». Бул майланган аксакалдарды жана кеңири мааниде жыйналыштагы бардык аксакалдарды билдирет.
-
«[Исанын] оң колунда». Жылдыздарды Иса толугу менен көзөмөлдөп, жетектеп, башкарып турат. Аксакалдар кеңешиндеги кайсы бир аксакал оңолушу керек болсо, Иса өз учурунда, өзү туура көргөн жол менен аны оңдоп-түзөйт.
-
«Жети алтын чыракпая». Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарын билдирет. Ыйык чатырдагы чыракпаялар жарык берип тургандай эле, жыйналыштар рухий жарыкты жаркыратып турат (Мт 5:14). Исанын чыракпаялардын «ортосунда басып жүргөнү» бардык жыйналыштардагы иштерди көзөмөлдөп турарын көрсөтүп турат.