Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахаба кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт

Жахаба кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт

2 Корунттуктар 9:7де: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деп жазылган. Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча жана жергиликтүү аймакта жүргүзүлүп жаткан ишин колдоо үчүн электрондук түрдө тартуу кылуунун ыңгайлуу жолдору бар.

«ЭЛЕКТРОНДУК ЖОЛ МЕНЕН ТАРТУУ КЫЛУУНУН ҮЛГҮСҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Өлкөбүздө тартуу кылуунун кандай жолдору бар экенин билиш үчүн тартуу кылуу веб-барагына кантип кирсек болот?

  • Айрымдар электрондук түрдө тартуу кылуунун кандай жакшы жактары бар экенин байкашкан?

  • Тартуу кылуунун кандай жолдору бар?

  • Тартуу кылуунун жаңы ыкмаларын кантип колдонушту билбей жатсак, эмне кылсак болот?