Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | АЯН 4—6

Чаап чыккан төрт чабандес

Чаап чыккан төрт чабандес

6:2, 4—6, 8

Иса «жеңишке жетиш үчүн чыккан». Ал адегенде Шайтан жана анын жин-перилери менен согушуп, аларды жерге кууп түшүргөн. Иса азыркы акыркы күндөрдө өзүнүн кызматчыларына жардам берип, аларды коргоо менен дагы деле жеңишке жетип жатат. Ал чаап бараткан башка үч атчанды Армагедон согушунда токтотуп, алардын адамзатка тийгизген кесепетин жок кылгандан кийин «акыркы жеңишке жетет».