Жахабага эң жакшысын бергиле
Жакырчылык ысрайылдыктарга Жахаба менен тынчтыкта болууга тоскоолдук кылган эмес. Атүгүл эң жакыр ысрайылдыктар да эң жакшысын берип, Жахабага жаккан тартуу алып келе алмак. Алар тартуу катары унду алып келе алышмак, бирок Жахаба алардан сыйлуу коноктор үчүн колдонулган «эң жакшы» ундан алып келишин күткөн (Бш 18:6). Бүгүнкү күндө жагдай-шартыбыздан улам көп нерсе бере албасак да, Жахаба биздин эң жакшы «мактоо курмандыгыбызды» кабыл алат (Ев 13:15).
Ден соолугуң начарлап же алдан-күчтөн тайып калгандыктан мурункудай кызмат кыла албай калсаң, бул сени кандайча бекемдейт?