Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЛЕБИЛЕР 1—3

Тартууларды кандай максатта алып келишчү?

Тартууларды кандай максатта алып келишчү?

1:3; 2:1, 12; 3:1

Мыйзам келишимине ылайык алынып келиши керек болгон тартууларды жана курмандыктарды Жахаба жактырган. Алар Исанын жана анын куткаруу курмандыгынын же анын аркасында келүүчү баталардын көлөкөсү болгон (Ев 8:3—5; 9:9; 10:5—10).

  • Курмандыкка чалынган мал таза, кемтиги жок болушу керек болгондой эле, Иса да өзүнүн жеткилең, кемтиги жок денесин курмандыкка чалган (1Пт 1:18, 19;)

  • Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар толугу менен Кудайга арналгандай эле, Иса да Жахабага өзүн арнаган

  • Тынчтык курмандыгын алып келгендер Кудай менен тынчтыкта болгондой эле, Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийген майлангандар да Кудай менен тынчтык мамиледе