КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жакшы жооп кандай болот?
Жыйналышта берилген жакшы жооптор баарынын, жооп бергендердин өздөрүнүн да ишенимин бекемдейт (Рм 14:19; Нкл 15:23, 28). Ошондуктан жыйналышта, жок дегенде, бир жолу жооп бергенге аракет кылышыбыз керек. Бирок бизди дайыма эле сурабашы мүмкүн болгондуктан, бир нече жооп даярдап алганыбыз жакшы.
Жакшы жооп...
-
жөнөкөй, түшүнүктүү, кыска болот жана көп учурда 30 секундада же андан аз убакыттын ичинде айтылат
-
өз сөзү менен айтылат
-
ага чейин айтылган ойлорду камтыбайт
Биринчи болуп жооп берсеңер,..
-
берилген суроого так жана жөнөкөй жооп бергиле
Эгер суроого жооп айтылса,..
-
келтирилген аяттын негизги ойго кандай тиешеси бар экенин
-
жашообузга кандай тиешеси бар экенин
-
иш жүзүндө кантип колдонсо болорун
-
же негизги ойду баса белгилеген кыскача окуя айтып берсеңер болот