Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудайдын кызматчыларын сүйүү айырмалап турат. Өзүмчүл болбогула, кыжырданбагыла

Кудайдын кызматчыларын сүйүү айырмалап турат. Өзүмчүл болбогула, кыжырданбагыла

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Иса анын шакирттерин сүйүү айырмалап турарын айткан (Жн 13:34, 35). Исаныкындай сүйүү көрсөтүш үчүн башкалардын кызыкчылыгын ойлошубуз жана кыжырдануудан качышыбыз керек (1Кр 13:5).

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Бирөө жүрөк ооруткан сөз айтса же иш кылса, бир азга токтоп, көйгөйдүн себебин аныктаганга аракет кылгыла жана өзүнө жараша жооп бергениңердин кесепетин ойлогула (Нкл 19:11)

  • Баарыбыз эле жеткилең эмес экенибизди жана кээде кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же иштерди кылып аларыбызды эсиңерден чыгарбагыла

  • Келишпестикти дароо чечкиле

«БИРИ-БИРИҢЕРДИ СҮЙГҮЛӨ. ӨЗҮМЧҮЛ БОЛБОГУЛА, КЫЖЫРДАНБАГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Ларри Томдун сунушун кандай кабыл алды?

  • Томго кыжырданбаганга эмне жардам берди?

  • Томдун жумшак жооп бергени эмнеге өбөлгө түздү?

Кимдир бирөө кыжырдантканда өзүбүздү кармай билгенибиздин жыйналышка кандай пайдасы бар?