КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кудайдын кызматчыларын сүйүү айырмалап турат. Баа жеткис биримдигибизди сактайлы
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Иса өлөр алдындагы түнү Кудайдан шакирттеринин «толук биримдикте болушун» сурап тиленген (Жн 17:23). Биримдикти сакташ үчүн бири-бирибизди сүйүшүбүз керек. Андай сүйүү «таарынычын эсептей бербейт» (1Кр 13:5).
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Жахабадан үлгү алып, башкалардын жакшы сапаттарын көргөнгө аракет кылгыла
-
Айкөлдүк менен кечиргиле
-
Көйгөйдү чечкенден кийин аны кайра козгобогула (Нкл 17:9)
«БИРИ-БИРИҢЕРДИ СҮЙГҮЛӨ. ТААРЫНЫЧЫҢАРДЫ ЭСЕПТЕЙ БЕРБЕГИЛЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Видеонун биринчи бөлүгүндө Хелендин таарынычты эсептей берери эмнеден көрүндү?
-
Видеонун экинчи бөлүгүндө Хелен кандайча терс ойлорун жеңип, туура ой жүгүрттү?
-
Хелен жыйналыштын биримдигине кандайча салым кошту?