Жахабанын сапаттарына болгон ыраазычылыгы Мусага ысрайылдыктарга чыдамдуулук менен мамиле кылууга жардам берген. Анын сыңарындай, Жахабанын сапаттарын терең изилдесек, ишенимдештерибизге боорукердик менен мамиле кыла алабыз.
-
«Кайрымдуу, ырайымдуу»: Жахаба ата-эне баласына кам көргөндөй эле, кызматчыларына назиктик менен мамиле кылып, аларга кам көрөт
-
«Ачууланганга шашпайт»: Жахаба кызматчыларынын жеткилең эмес экенин эске алат жана аларга өзгөрүүгө убакыт берип, чыдамкайлык менен мамиле кылат
-
«Мээримдүүлүгү чексиз»: Жахаба өз элине туруктуу сүйүү көрсөткөндүктөн алардын мамилеси түбөлүккө созулат
ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: «Кайрымдуу жана ырайымдуу болуу жагынан Жахабаны кантип туурай алам?»