Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жаштар, Жахаба силердин эң жакын досуңарбы?

Жаштар, Жахаба силердин эң жакын досуңарбы?

Досуңардын кандай сапаттарга ээ болушун каалайт элеңер? Балким, берилген, боорукер жана берешен болушун кааламактырсыңар. Жахаба бул сапаттардын баарын чагылдырат (Чг 34:6; Элч 14:17). Ал силердин тиленүүлөрүңөрдү угат. Муктаж болгонуңарда ал дайыма жардамга келет (Зб 18:19, 35). Ал каталарыңарды кечирет (1Жн 1:9). Жахаба кандай гана сонун дос!

Канткенде Жахаба менен дос боло аласыңар? Анын Сөзүн окуп, ал тууралуу билгиле. Ага таянгыла (Зб 62:8; 142:2). Жахабанын Уулу, анын Падышалыгы жана келечекке байланыштуу убадалары сыяктуу ал үчүн маанилүү болгон нерселерди баалай турганыңарды көрсөткүлө. Ал тууралуу башкаларга айтып бергиле (Мз 32:3). Жахаба менен ынак мамиле өрчүтсөңөр, ал силер менен түбөлүккө дос болот (Зб 73:25, 26, 28).

«ЖАШТАР, ЖАХАБАНЫН „КАНЧАЛЫК ЖАКШЫ ЭКЕНИН“ ТАТЫП КӨРГҮЛӨ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Арналууга жана чөмүлүүгө кантип даярдана аласыңар?

  • Жыйналыштагылар силерге Жахабага кызмат кылууга кантип жардам бере алышат?

  • Кызматыңар Жахаба менен болгон мамилеңерди кандайча бекемдейт?

  • Жахаба менен болгон достугуңар түбөлүккө созулат!

    Кызматтын кандай түрлөрүн аткара аласыңар?

  • Жахабаны эмне үчүн жакшы көрөсүңөр?