КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Акылыңарды машыктыра бергиле
Гимнаст чеберчилигин жоготпош үчүн дайыма булчуңдарын машыктырып турушу керек. Ошол сыңары, биз да акылыбызды машыктырып, жаман-жакшыны айырмалаганды үйрөнө беришибиз зарыл (Ев 5:14). Чечим чыгарарда башкаларды тууроо оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, өзүбүз чечим чыгарганды үйрөнүшүбүз кажет. Эмне үчүн? Себеби Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз (Рм 14:12).
Чөмүлгөнүбүзгө көп жыл болуп калганы үчүн эле туура чечим чыгарабыз деп ойлогондон сак болушубуз керек. Чечимдерди акылдуулук менен чыгарыш үчүн Жахабага толук таянып, анын Сөзүнөн, уюмунан жетекчилик издегенибиз маанилүү (Жш 1:7, 8; Нкл 3:5, 6; Мт 24:45).
«АБИЙИРИҢЕРДИ ТАЗА САКТАГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эммага эмнени чечүүгө туура келген?
-
Абийирге жараша чече турган маселелерде эмне үчүн жеке оюбузду айткандан сак болушубуз керек?
-
Бир жубайлар Эммага акылдуулук менен кандай кеңеш беришти?
-
Эмма өзүнүн жагдайына ылайык келген пайдалуу маалыматты каяктан тапты?