КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабияттарды кызматта колдонгула
Чындыкка кызыккандар менен Ыйык Китепти изилдеш үчүн чыгарылган жаңы китепче менен китепти алганыбызга абдан сүйүнүп жатабыз! Биз Жахабадан дагы көбүрөөк шакирт даярдаганга батасын беришин сурап тиленебиз (Мт 28:18—20; 1Кр 3:6—9). Аларды кантип колдонсок болот?
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабияттарда окутуунун жаңы ыкмасы колдонулат. Андыктан изилдөөгө даярданып жатканда жана изилдөө учурунда төмөнкү кеңештерди колдонгула *:
-
Материалды окуп, андан соң суроолорун талкуулагыла
-
«Окугула» деп турган аяттарды окуп, изилдеп жаткан кишиге аны кантип колдонсо болорун түшүндүргүлө
-
Видеолорду көрүп, аларга берилген суроолорду талкуулагыла
-
Бир өткөндө бир бөлүмдү бүтүргөнгө аракет кылгыла
Адамдын кызыгып жатканын билиш үчүн адегенде китепчени сунуштагыла. (Кутучаны карагыла: «„ Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!“ китепчесин алгачкы жолугууда сунуштоо», 16-б.) Кимдир бирөө менен китепчени изилдеп бүтсөңөр жана ал киши изилдөөнү андан ары улантууну кааласа, китепти сунуштагыла. Аны 4-бөлүмдөн баштагыла. Эгер буга чейин кимдир бирөө менен изилдөөгө арналган кайсы бир адабиятты изилдеп жүргөн болсоңор, «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебине өткүлө. Аны кайсы бөлүмдөн баштаарыңарды өзүңөр чечесиңер.
«ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДӨӨГӨ КОШ КЕЛИҢИЗ!» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Изилдеп жаткандар жаңы китептен эмнелерди биле алышат?
-
Эмне үчүн бул видеону жаңы изилдей баштагандарга көрсөткөнүңөр жакшы?
-
Изилдеп жаткандарды аз-аздан кандай максаттарды койгонго үндөшүңөр керек? (« Ар бир бөлүктөгү негизги ойлор жана максаттар» деген кутучаны карагыла.)
^ 4-абз. КӨҢҮЛ БУРГУЛА: «Көбүрөөк бил» деген бөлүктү изилдөө учурунда карап чыгуу талап эмес. Бирок изилдөөгө даярданып жатканда андагы маалыматты сөзсүз окуп, видеолорду көргүлө. Ошондо кайсынысы изилдеп жаткан кишиге өзгөчө кызыктуу же пайдалуу болорун билесиңер. Адабияттардын электрондук түрүндө видеолор, макалалар дароо эле ачылат.
АР БИР БӨЛҮКТӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙЛОР ЖАНА МАКСАТТАР |
|||
---|---|---|---|
БӨЛҮМДӨР |
НЕГИЗГИ ОЙЛОР |
МАКСАТТАР |
|
1—12 |
Ыйык Китеп сага эмнеси менен пайдалуу экени жана анын Автору жөнүндө биле аласың |
Изилдеп жаткан кишини Ыйык Китепти окууга, изилдөөгө даярданууга жана жыйналышка катыша баштоого үндө |
|
13—33 |
Кудайдын биз үчүн эмнелерди кылганы жана канткенде ага жаккандай сыйына аларыбыз жөнүндө биле аласың |
Башкаларга кабар айтууга, жарчы болууга түрткү бер |
|
34—47 |
Кудай кызматчыларынан эмнелерди күтөрүн биле аласың |
Өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүүгө үндө |
|
48—60 |
Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн эмне кылсаң болору жөнүндө биле аласың |
Жаман менен жакшыны айырмалаганга жана Жахабага андан ары да жакындай бергенге жардам бер |