КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
Өмүрлүк жарды акылдуулук менен танда
Сулайман жалган кудайларга сыйынган аялдарга үйлөнүп, акылсыздык кылган (1Пд 11:1, 2; w18.07 18-б., 7-абз.)
Аялдары Сулаймандын жүрөгүн акыры Жахабадан буруп кеткен (1Пд 11:3—6; w19.01 14-б., 6-абз.)
Жахаба Сулайманга ачууланган (1Пд 11:9, 10; w18.07 19-б., 9-абз.)
Ыйык Китепте Кудайдын бойдок кызматчылары «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошушу керектиги кеңеш кылынат (1Кр 7:39). Жарчынын чөмүлгөнүнүн өзү эле анын ылайыктуу жар болорун билдирбейт. Булар тууралуу ойлонуп көр: «Ал сага Жахабага жан-дилиң менен кызмат кыла бергенге жардам береби? Жахабага болгон терең сүйүүсүн канча убактан бери көрсөтүп келатат?» Турмуш курардан мурун болочок жарыңды шашпай, жакшылап билгенге аракет кыл.