16—22-сентябрь
ЗАБУР 85—87
41-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Тиленүү туруктуу болгонго жардам берет
(10 мүн.)
Жахабадан кубаныч беришин сура (Зб 86:4)
Жахабадан ишенимдүү бойдон калганга жардам беришин сура (Зб 86:11, 12; w12 15/5 25-б., 10-абз.)
Жахабанын тиленүүңө жооп береринен шектенбе (Зб 86:6, 7; w23.05 13-б., 17, 18-абз.)
ОЙЛОНУП КӨР: Кыйынчылыкка кабылганда канчалык бат-баттан жана узакка тиленем? (Зб 86:3)
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Зб 86:11. Жахабаны канткенде бүт жүрөгүбүз менен терең урматтай алабыз? (w20.06 13-б., 17, 18-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Зб 86:1—87:7 (th 12-сабак)
4. Сөз баштоо
(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 3-сабак, 5-ой).
5. Кайра баруу
(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Буга чейин дүйнөдө болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын айткан кишиге Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 7-сабак, 4-ой).
6. Шакирт даярдоо
(5 мүн.) lff 15-бөлүм, 5-ой. Кийинки жума болжошкон күнү изилдей албай калсаңар, изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн эмне кылсаңар болорун талкуула (lmd 10-сабак, 4-ой).
83-ыр
7. «Багынба!»
(5 мүн.) Талкуу.
ВИДЕОНУ көрсөт. Анан угармандардан сура:
-
Эмне үчүн кээде кабар айткыбыз келбеши мүмкүн?
-
Эмне үчүн багынбашыбыз керек?
8. Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштай бер!
(10 мүн.) Талкуу.
Ушул айдагы өнөктүк учурунда «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени колдонуп кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдей баштадыңбы? Эгер ошондой болсо, аябай сүйүнүп жатсаң керек. Сени көрүп, башкалар да түрткү алып жаткандыр. Ал эми изилдөө баштай элек болсоң, эмне үчүн баштай албай жатам деп ойлонушуң мүмкүн. Ушуну ойлоп жаман болуп жатсаң, эмне кылсаң болот?
ВИДЕОНУ көрсөт. «Чыдамкайлыгыбыз менен „өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз“. Кабар айтканда». Анан угармандардан сура:
-
Кызматыбыз «кара көңдөйдөй» сезилип жатса, 2 Корунттуктар 6:4, 6да жазылгандар бизге кандайча жардам берет?
-
Кылган аракетиңден майнап чыкпай жаткандай сезилсе, эмнелерди өзгөртсөң болот?
Биздин кубанычыбыз канча киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатканыбыздан же изилдеп баштаганыбыздан көз каранды эмес экенин эсиңен чыгарба. Жахаба биздин аракетибизди жогору баалайт. Мына, ушул бизди кубанычка бөлөйт! (Лк 10:17—20). Андыктан өнөктүккө жан-дилиң менен катышып, «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектене» бер (1Кр 15:58).
9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 15-бөл., 13, 14-абз., 121-беттеги кутуча