2—8-сентябрь
ЗАБУР 79—81
29-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Жахабанын даңктуу ысмын сүйөрүңдү көрсөт
(10 мүн.)
Жахабага сөз тийгизген иштерден оолак бол (Зб 79:9; w17.02 9-б., 5-абз.)
Жахабанын ысмын чакыр (Зб 80:18; ijwbv 3-макала, 4, 5-абз.)
Жахаба анын тилин алып, ысмын сүйгөндөргө батасын мол төгөт (Зб 81:13, 16)
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Зб 80:1. Эмне үчүн кээде Жусуптун ысмы Ысрайылдын бүт уруусуна карата колдонулган? (it-2 111-б.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Зб 79:1—80:7 (th 10-сабак)
4. Сөз баштоо
(1 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 4-сабак, 4-ой).
5. Сөз баштоо
(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 4-сабак, 3-ой).
6. Сөз баштоо
(2 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 3-сабак, 3-ой).
7. Кайра баруу
(5 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Буга чейин уккусу келбеген кишиге Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 8-сабак, 3-ой).
10-ыр
8. «Алар менин ысмымды ыйыкташат»
(15 мүн.) Талкуу.
Шайтан Эйден багында Жахабанын ысмына көө жапкан. Ошондон тартып Жахабанын ысмынын акталышы бардык аң-сезимдүү жаратуулар үчүн эң эле маанилүү маселе болуп эсептелет.
Шайтан Жахаба жөнүндө карандай калпты жайылтып жатат. Мисалы, ал Жахабаны катаал, ырайымсыз башкаруучу деп айыптап келет (Бш 3:1—6; Ап 4:18, 19). Шайтан Жахабанын кызматчылары аны чындап сүйбөйт деп айткан (Ап 2:4, 5). Атүгүл миллиондогон адамдардын бизди курчап турган кооз табиятты Жахаба жараткан эмес деп эсептешине Шайтан себепкер (Рм 1:20, 21).
Ушул сыяктуу калпты укканда кандай сезимде болосуң? Балким, Жахаба тарапты ээлеп, анын ысмын коргогуң келеттир. Жахаба өз элинин анын ысмын ыйыктагысы келерин билген. (Салыштыргыла: Ышая 29:23.) Сен буга кантип салым кошо аласың?
-
Башкаларга Жахабаны таанып-билгенге жана аны сүйгөнгө жардам бер (Жн 17:25, 26). Жахабанын бар экени жана анын кереметтүү сапаттары жөнүндө айтып бергенге дайым даяр бол (Ыш 63:7).
-
Жахабаны бүт жүрөгүң менен сүй (Мт 22:37, 38). Өзүңө жакшы болгону үчүн эле эмес, Жахабаны кубантыш үчүн да анын көрсөтмөлөрүнө баш ий (Нкл 27:11).
ВИДЕОНУ көрсөт. «Сүйүү эч качан күчүн жоготпойт. Мектептеги жаман чөйрө». Анан угармандардан сура:
-
Ариел менен Диего Жахабанын ысмын кантип коргошкон?
-
Жахабанын ысмын коргогонго аларга эмне түрткү берген?
-
Аларды кантип туурай аласың?
9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 15-бөл. 1—7-абз., 6-бөлүккө кириш сөз