Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7—13-октябрь

ЗАБУР 92—95

7—13-октябрь

84-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Жахабага кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол!

(10 мүн.)

Жахаба сыйынышыбызга татыктуу (Зб 92:1, 4; w18.04 26-б., 5-абз.)

Ал бизге түшүнүк берет (Зб 92:5; w18.11 20-б., 8-абз.)

Ал жашы өр тартып калгандардын кызматын жогору баалайт (Зб 92:12—15; w20.01 19-б., 18-абз.)

ОЙЛОНУП КӨР: Өзүмдү Жахабага арнап чөмүлүшүмө эмне тоскоолдук кылып жатат?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 92:5. Бул аятта Жахабанын акылмандыгы кандайча сүрөттөлгөн? (cl 176-б., 18-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти оку

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кишиге кабар айтарың жөнүндө айтып бериш үчүн мүмкүнчүлүк жарат (lmd 5-сабак, 3-ой).

5. Кайра баруу

(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Мурда макул болбогон кишиге Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 8-сабак, 4-ой).

6. Шакирт даярдоо

(5 мүн.) Сени менен изилдеген, бирок ийгилик кылбаган киши менен сүйлөш (lmd 12-сабак, 5-ой).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

5-ыр

7. Жаштар санаага батканда

(15 мүн.) Талкуу.

Жахабанын кызматчылары деле тынчсызданбай койбойт. Алсак, Дөөтүнүн жашоосунда тынчы кеткен учурлары көп болгон. Бүгүнкү күндө да көптөгөн ишенимдештерибиздин тынчсызданган учурлары болот (Зб 13:2; 139:23). Өкүнүчтүүсү, жаштар да санаанын сазына батышат. Кээде санааркаткан ойлордун айынан мурда кылып келген иштерди кылуу, алсак, мектепке же жыйналышка баруу оңойго турбай калат. Атүгүл туруп туруп эле коркунуч басып, өмүрүн кыйгысы келиши мүмкүн.

Жаштар, силерди санаа туш тараптан чырмап жатса, бул тууралуу ата-энеңерге же жетилген бирөөгө айтып бергиле. Жахабадан жардам беришин сурап да тиленгиле (Фп 4:6). Ал силерге сөзсүз жардам берет (Зб 94:17—19; Ыш 41:10). Стейндин окуясына токтололу.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жахабанын камкордугун сездим». Анан угармандардан сура:

• Стейнге кайсы аят жардам берген жана эмне үчүн?

• Жахаба ага кантип кам көргөн?

Ата-энелер, силер балдарыңарга тынчсыздануу менен күрөшкөнгө жардам бере аласыңар. Ан үчүн аларды кунт коюп уккула, жакшы көрөрүңөрдү айтып тургула жана Жахаба да аларды жакшы көрөрүнө ынандыргыла (Тит 2:4; Жкп 1:19). Балдарыңарга кам көрө алыш үчүн Жахабага таянгыла. Ал силерди сооротуп, күч берет.

Балким, жыйналышыбызда кимдер тынчсыздануу менен күрөшүп жүргөнүн билбешибиз мүмкүн же алардын сезимдерин толугу менен түшүнө албашыбыз ыктымал. Ошентсе да жыйналыштагылардын баарын сүйсөк, жогору баалай турганыбызды көрсөтсөк, аларга жардам бере алабыз (Нкл 12:25; Ев 10:24).

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  81-ыр жана тиленүү