Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерди жыйналышка барууга үндөө

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерди жыйналышка барууга үндөө

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Жыйналыштарда биз дайыма Жахабаны «даңктап ырдайбыз» (Зб 149:1). Ошондой эле анын эркин аткарууну үйрөнөбүз (Зб 143:10). Кабарга кызыккандар жана Ыйык Китепти изилдегендер, адатта, жыйналыштарга бара баштагандан кийин ийгилик кыла башташат.

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Жыйналышка дароо эле чакыра баштагыла. Изилдөө туруктуу болгуча күтүүнүн зарылдыгы жок (Аян 22:17)

  • Жыйналыш кандайча өтөрүн жана кийинки жолугушууда эмнелер талкууланарын айтып бергиле. Жыйналышка чакырыш үчүн чакыруу баракчасын, «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген тасманы жана «Кудайдын эрки» деген китепченин 5, 7-бөлүмдөрүн колдонсоңор болот

  • Жардамыңарды сунуштагыла. Балким, аны унаа менен алып келиш керектир же ылайыктуу кийим тандоого жардам берүү зарылдыр. Жолугушууга барганда жанына отуруп, адабиятты чогуу карап отургула. Башкалар менен тааныштыргыла